Сүйүү, достук, көрө албастык чагылдырылган “Поларис шооласы” аттуу тасма эл назарына коюлду

Бүгүн, 12-мартта “Поларис шооласы” аталышындагы көркөм тасманын бет ачары болду. Анда арзышкан эки жаш Чолпон менен Нурбектин махабаты сүрөттөлөт. Алар кара санатай достору уюштурган план менен эки айрылыш жолго түшүшөт. Чолпонго жигитинин жол кырсыгынан каза болгонун кабарлашса, Нурбекке сүйгөн кызы башкага күйөөгө чыгып кеткенин айтышат. Мунун баарын Чолпондун курбусу Алиман Нурбекти имерип алуу максатында ойлоп табат. Азапка баткан Чолпон сүйүүсүн унутуу үчүн Анталияга сапар алат. Бирок ортодогу жылдардын өтүшү эки жаштын сүйүүсүн өчүрө албайт. Акыры чындык ачыкка чыгып, тагдыр арзышкандарды кайрадан бириктирет.

“Поларис - Алтын Казык жылдызы. Ал башка жылдыздардай болуп айланбай, бир жерде тургандыктан, эки жаштын туруктуу сүйүүсүнө салыштырып тасманы ушундай атадык. Фильмдин бюджети көп сумманы чапчыды. Алсак, Түркияга барып-келүүгө 20 миң доллар керектелди. Ал эми жалпы канча акча кеткени сыр бойдон эле калсын. Фильмдин тарбиялык мааниси зор. Анда ыйман темасы камтылып, жаштарды аруулукка, туруктуулукка үндөйт”,- деди тасманын режиссёру Камчыбек Илиязов.

Белгилей кетсек, кыргыз киносунун катарын толуктап отурган тасмага биринчилерден болуп Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев, аталган фильмдин жаратуучулары, каармандардын жакындары күбө болушту.

Тасманын режиссёру, сценаристи - Камчыбек Илиязов. Кыргыз жеринин ажайып кооз жаратылышынын коюнунда, Түркиянын Анталия шаарында тартылган фильмде башкы каармандардын ролун актёрлор Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов, Айпери Малдыбаева, Альбина Имашова, Айзада Нурматовалар ойношкон.

Туруктуу сүйүүнү баяндаган "Поларис шооласы" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Happymom8
2015-03-12 22:56:34
Аябай сонун тасма экен.Биздин жаштарга сабак болот деп ойлойм
+1
g.jumabekova
2015-03-13 11:11:58
Камчыбек Ильязов -аяш атам болот. Башкы ролдогу Чолпон К.Ильязовдун кызы. Тасма сонун тартылган. Баарынарды корууго чакырам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан