Каракол шаарында 8 жаштагы кызды уурдап, чоң суммадагы акча талап кылган аял кармалды

Каракол шаарында окуучу кызды уурдап, чоң суммадагы акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 11-март күнү милиция кызматкерлерине Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам 8 жаштагы кызын уурдап, ал үчүн 10 миң доллар жана 300 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, бүгүн кылмышка шектүү катары милицияга кайрылган жарандын аялынын жеңеси кармалган. 

Алдын ала маалымат боюнча, кылмышка шектүү уурдалган кыз менен бирге өзүнүн кызынын да буту-колун таңып, муздак сарайда кармаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bektur2
2015-03-12 15:54:15
Шумдугун кургур кино болуп кеткен го
+1
bema_bema
2015-03-12 16:11:38
Ой жинди немего,Эшектин этин жеп алган окшойт озунун кызын кошуп байлап койсо
-4
Bakulya79
2015-03-12 16:12:26
Туура айтасын.мындай нерселерди кинодон корчелек.
0
anjela500
2015-03-12 16:44:58
заман да, адамдар да бузулду
0
lionna
2015-03-12 17:09:23
" ЗНЕ" аттуулар эмне болуп баратат?
0
Arlenchik
2015-03-12 18:14:16
Заман эмес адамдар бузулду.
0
zhykyo
2015-03-12 20:02:49
Аялынын женеси болсо. Коркпой кантип жасады.Элестетип жатам ошка менен чалып жатканын
0
tynara1983
2015-03-12 21:40:07
Бул аял ооруп калган эмес бекен ? Таза адам оз баласын мындай кылбаса керек!
0
milan_92
2015-03-12 21:42:29
kaisy kinodon kordu eken baikuw
0
Esenali
2015-03-12 22:16:36
Адам эмес экен.
0
Boldukan86
2015-03-13 01:49:11
Тиги кыз коркпосун деп же дагы башка ой келип озун кызын да байламыш кылып олтургузуп койгон чамамда. же кароол кылып койгон. тооба табылбай калат бекен ошентсе эле. эми окунот
0
al79mi
2015-03-13 08:04:45
ХХХ ХХХ ХХХ... Туугандарынын мерс автомашинасын сурап айдап алып, эркекче кийинип, мурут жабыштырып, озунун кызы менен кайнисинин кызын уурдап алып барып ээн сарайга буту-колун байлап,ооздорун скочтоп таштап келиптир. Байкуш кыздар 1-сутка(!!!) олтурушуптур ошол жерде!!!Шумдугун кургур, баланы кошунанын уйуно 15 мунот калтыргын келбейт, журогу чыдап ээн, муздак сарайга таштап келгенин карасан акмактын???!!!! Боевик кинолорду коп коруп алса керек...
0
admin_portal
2015-03-13 09:34:02
al79mi - 3 күнгө БАН!
Ушул сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан