Нооруз майрамына карата Америкадагы кыргыз диаспорасына боз үй белекке берилет

АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында жашаган кыргыз диаспорасы алдыдагы Нооруз майрамын боз үйдө тосот. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 12-мартта билдиришти. 
Маалым болгондой, мындай белек "Кыргыз боз үйү" коомдук фондунун өкүлдөрү тарабынан демилгеленген. Боз үй жасоочу усталар Бейшенбек Жумашалиев менен Кубанычбек Байгазиев чет жердеги мекендештерибизге боз үйдү алып барып тигип беришет. 
"Бейшенбек Жумашалиевдин кыргыз элинин улуттук турак жайын чет жерде тигип, көргөзмөлөргө катышуусу - көптөн бери салтка айланып калган көрүнүш. Бул жолу боз үйдү Хьюстон шаарында жашап жаткан кыргыздарга белекке берүү чечими кабыл алынган. Мындай жөрөлгө мекендештерибиз менен болгон байланышты гана чыңдабастан, америкалыктарды кыргыздын улуттук каада-салты менен тереңден тааныштырары шексиз",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан