Белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн устаты Фёдор Стукошиндин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бүгүн, 12-март күнү Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Фёдор Стукошиндин 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Ага 30дан ашык картина коюлган. Бул экспозициялар музейдин фондуна тиешелүү.

Бүгүнкү иш-чарага сүрөтчүнүн туугандары, шакирттери жана искусство сүйүүчүлөр катышышты.

Алардын айтымында, Стукошин Орусиянын Смоленск облусунун кулуну болгонуна карабай Кызыл Армиянын аркасы менен кыргыз жерине бир келип, бул жерден кеткиси келбей калган. Ал кыргыз жеринин кооз жаратылышына суктанып, өзгөчө кыш-күз пейзаждарын жакшы чагылдырып, кагаз бетине түшүргөн. Ал Фрунзедеги көркөм окуу жайында эмгектенип, А.Асранкулов, А.Бейшенов, В.Буторин, А.Осмонов, С.Чокморов аттуу сүрөтчүлөрдүн устаты болгон. Быйыл Фёдор Стукошиндин көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Көргөзмө 5-майга чейин уланат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан