Ош облусунда ээн баштыкка шектелген 9 бала кармалды

Ош облусунда ээн баштыкка шектелген 9 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Араван районунун 1961-жылы туулган тургуну кайрылган. Анда ал 9-март күнү саат 22:30 чамасында окуучулары менен бирге сүмөлөк бышырып жатканда 10го жакын белгисиз бала келип, эшигин тепкилеп, үйгө кирүүгө аракет кылышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, жашы 18-23 чамасындагы 9 бала кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан