
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы президенттин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча мамлекеттик мурдагы кеңешчиси, экс-башкы прокурор
Эльмурза Сатыбалдиев Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында туулган. 7 жашында Сузак районундагы Карл Маркс атындагы мектеп-интернатына кирип, орто билимди ошол жерден аяктаган. Кийин бала кездеги “прокурор болом” деген кыялын ишке ашыруу үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык бөлүмүнө тапшырган. Аны 1992-жылы аяктап, Жалал-Абад, Ноокен, Таш-Көмүр шаарларында прокуратурада иштейт. 2001-2006-жылдар аралыгында Кемин району, Жайыл району, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Эльмурза Сатыбалдиев 2007-жылдын 29-мартынан тартып 2009-жылдын 23-ноябрына чейин башкы прокурор болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы таңкы саат бештер чамасында Бишкектен алыс эмес жайгашкан Кой-Таш айылы тараптагы капчыгайда токтоп турган Лексус машинасын Ауди сүзүп, өрт чыккан. Лексустагы үч адам таанылбай турган деңгээлде күйүп кеткен. Каза болгондордун бири КРнын Президентинин администрациясынын экс-башчысы
Медет Садыркулов болгон.
Коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Чүй облусундагы Кемин районунун Ильич айылында төрөлгөн. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинде алып, тарыхчы адистигине ээ болгон. Эмгек жолу 1971-жылы Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда жөнөкөй жумушчу болуудан башталып, жогорку окуу жайын бүтүргөн соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда (1977-1991-ж.ж.) окутуучу болуп эмгектенген. Ал эми 2007-жылдын 30-мартынан 16-апрелине чейин кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине, 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчилигине дайындалып, иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен.

* Мындан 138 жыл мурун, 1877-жылы америкалык
Честер Гринвуд кулакчынга (наушникке) патент алган. АКШнын Мэн штатындагы Фармингтон шаарынын тургуну Честер Гринвуд 1873-жылы 15 жашында кулакчын ойлоп тапкан. Аны жасоо идеясы коньки тээп жүрүп кулагын катуу үшүтүп алганда пайда болгон. Ошентип, ойлоп тапкан табылгасына патент алган соң, Честер Гринвуд 60 жыл аны өндүрүү менен алек болгон.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Швейцариянын Сьер шаарына жакын жерде окуучулар отурган автобус кырсыкка учураган. Автобуста болгон 52 адамдын 28и каза болуп, калгандары ар кандай жаракаттарды алган.