Борбор калаада алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда Тимур аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен акыркы үлгүдөгү телефонун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы К.Тимур аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.