Аба ырайы, 13-март: Өлкө аймагында күн ачык болот

13-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C

Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -10°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +12°C, түнкүсүн -5°C

Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -6°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -7°C

Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -15°C

Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -4°C

Эскертүү!

12-13-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Казарман - Ак-Тал-Чат (67-94-чакырымдары, Кара-Көө ашуусу), Миң-Куш - Арал (1-19-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан