Жоомарт Оторбаев "2 айда ички дүң продукциянын көлөмү 9,5 пайызга өстү" деди

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 12-мартта Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Сарож Кумар Жа менен жолугушту. Жолугушууда премьер кыргыз мамлекетинин учурдагы ички саясий жана экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. Быйылкы жылдын 2 айында ички дүң продукциянын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 9,5 пайызга өскөнүн, мамлекеттик башкарууну, каржылык, энергетикалык, социалдык жана экономикалык жеке тармакты өнүктүрүү маселеси республика үчүн маанилүү экенин айтты. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу процессин талкуулашты. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, кызматташтыкты мындан ары да улантуу керектигин белгилешти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан