Каракол шаарында өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын уурдаган аял карыздарын төлөө үчүн ушундай жолго барган. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-март күнү саат 19:00 чамасында милиция кызматкерлерине 28 жаштагы Каракол шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 7 жаштагы кызы сабактан кийин дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал эми ошол эле күнү саат 20:00 чамасында 35 жаштагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз адамдар 8 жаштагы кызын уурдап, 10 миң доллар жана 300 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, экинчи арыздануучунун карыздары көп болгону белгилүү болгон. Мындан улам ал шектүү катары суракка алынганда, карыздарын төлөө үчүн ушундай ишке барганын моюнуна алган.
Анын айтымында, ал жасалма мурут чаптап биринчи өз кызын, андан соң кайын сиңдисинин кызын уурдаган. Алардын буту-колун скотч менен байлап, Кызыл-Суу айылындагы эски үйгө камап, өзү шектүү болуп калбайын деп Каракол шаарына кетип калган. Эки кыз муздак тамда бир түн болушкан. Кийинки күнү аларды малчы көрүп калып, милицияга кайрылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.