Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 12-мартта АКШнын кыргыз мамлекетиндеги убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ричард Майлзды кабыл алды. Вице-премьер Майлзды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө кыргыз өкмөтү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Кыргыз мамлекети менен АКШнын кызматташтыгы дайыма динамикалуулугу жана позитивдүү мүнөзгө ээ болуусу менен өзгөчөлөнүп келген. Бизде коргоо жана коопсуздук, аскердик техникалык кызматташтык, терроризм жана баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча көптөгөн программа, долбоорлор бар. Сиздей тажрыйбалуу дипломат биздин өлкөгө келсе, демек, биздин кызматташтыктын жаңы доору башталды",- деди Маматалиев.
Майлз терроризмге каршы күрөшүү боюнча февраль айында Вашингтондо өткөн саммитке кыргыз мамлекетинин делегациясынын катышканына ыраазычылык билдирип, президент Барак Обама саммитке катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен мини-конференция өткөрүүнү пландап жатканын айтты. АКШ өкүлү аталган конференцияга президент Алмазбек Атамбаев катышуусун каалай турганын, бул кыргыз өлкөсүнүн президенти менен Барак Обаманын жолугушуусуна жакшы мүмкүнчүлүк экенин билдирди.