Акыркы суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталып, Москва районунда кафе жана дүкөн толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Натыйжада 23 чарчы метр турак үйдүн бөлмөсүнүн жыгач шыбы, 2 чарчы метр жыгач полу, терезе, жумшак эмерек жана кийим-кечелер толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Москва районуна караштуу Садовое айылында кафе менен дүкөн өрттөнүп кетти. Натыйжада жыгач устундуу, темир менен жабылган, жалпы аянты 645 чарчы метр, жеңил, тез курулуучу материалдан жасалган кафе менен дүкөн күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан