Ат-Башы районунда кутурмага шектелген малдар жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу айыл аймагындагы Жибек-Жолу айылынын тургунуна тиешелүү болгон бука кутурма оорусуна шектүү деп өлтүрүлгөн. Ошондой эле Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек кыштоосунда түлкү 1 кой жана 1 эчкини тиштеп кеткен. Мындан улам кутурма оорусуна шектүү болушкан малдардын баштары ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык кесилип, Республикалык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында кутурма оорусу аныкталган. 11-март күнү Сары-Иймек кыштоосуна жана Жибек-Жолу айылына кутурма оорусунун жайылып кетишинин алдын алуу максатында чектөө киргизилди.