Чоң-Алайда калың жааган кардын кесепетинен жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда

Чоң-Алайда калың жааган кардын кесепетинен жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-март күнү жеке менчик 1 бульдозер жана жергиликтүү тургундар тартылып, Кулчу айылына баруучу унаа жолу тазаланган. Калган ички чарбалык жолдор ЖЭМ №16-транспорт кызматы тарабынан тазаланат.

Айта кетсек, 11-март күнү саат 23:24 чамасында калың жааган кардын жана бороондун кесепетинен аталган райондогу ички чарбалык жолдор убактылуу жабылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursultan.m.n
2015-03-13 11:03:37
табиятта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан