Физикалык күч колдонуу менен коркутуп, ишкерлерден чоң суммадагы акча каражатын алып жүргөндөр кармалышты

Физикалык күч колдонуу менен коркутуп, ишкерлерден чоң суммадагы акча каражатын алып жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине ишкердик менен алектенген жаран кармалган. Анда ал 2013-жылдан бери кылмыштуу топтор күч колдонуу менен коркутуп, ай сайын 2000 доллардан алып турганын, кийин бул сумма 10 миң долларга көтөрүлгөнүн айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө Таке чал аты менен белгилүү 1962-жылкы Т.Т. жана 1966-жылы туулган Б.А. (Шиша) кармалган. Алар Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү болушкан. Булар башка ишкерлерди да коркутуп, ай сайын акча алып турушкан. 

Учурда алар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ajar.
2015-03-13 14:04:27
Бирөөнүн тапканын күч менен тартып алганга булардын кандай акысы бар, мен буларга эч түшүнбөйм!Ушинтип жүргөндөрүнө өздөрүн эр ойлошот го, ээ, байкуштар! Булар бир байкуштар да, андан башка эч ким эмес!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан