Кореяга өкмөттүн программасы менен барган жарандар 1000 доллардан жогору айлык алары айтылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 10-мартта Түштүк Корея менен кызматташтык жана аталган өлкөгө кыргыз жеринен жумушчу ресурстарды жөнөтүү жөнүндө меморандумду жактырды. Буга чейинки меморандум 2014-жылдын 3-декабрында күчүн жоготкон. Меморандумдун алкагында "Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын Кореяга ишке орноштуруу программасы" менен барган мигранттар "Эмгек стандарттары жөнүндө" жана "Корея Республикасында эмгекти коргоо тууралуу" мыйзамдар менен корголот жана төмөнкүдөй жеңилдиктер менен камсыздалат: 
- социалдык пакеттер;
- медициналык кызмат көрсөтүү;
- медициналык камсыздандыруу;
- өндүрүштөгү кокустуктарга карата камсыздандыруу.
Ишке орношкон жарандардын айлыгы 1000 доллардан жогору болору айтылды. "Аталган программанын негизинде корей тилин билүү багыты боюнча 2007-жылдан ушул күнгө чейин 8 тест өтүп, ага 9048 адам катышты. 1916 адам ишке орношууга жөнөтүлдү",- деп билдирет Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан