Былтыр Ош облусунун ички дүң өнөр жай продукцияларынын жалпы көлөмү 3 миллиард 496,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков билдирди.
"Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 104,6 пайызга өскөндүгүнөн кабар берет. Ал эми облустун жалпы өнөр жайынын структурасында кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын көлөмү 51,2 пайызга өстү. Тоо-кен казуу өнөр жай продукциясынын ички дүң көлөмү 27,7 пайызга, электр энергиясын, газды, суу өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 19,2 пайызды түздү",- деди С.Жээнбеков.