Каракол шаарынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-март күнү Коррупцияга каршы кызматына Ж.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Каракол шаарынын Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Б.Т. камкордук документин толтурууга жана жаңы төрөлгөн ымыркайга болгон ата-энелик укукту аныктоо боюнча сот иштерине жардамдашарын айтып, 25 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган кызматкер 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.