Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Б.Р. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Азамат аттуу адам сот иштери боюнча оң чечим чыгарууга жардамдашарын айтып, 9500 доллар жана 236 миң сом алып, качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Т.А. кармалган.
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.