УКМК: "Аида Салянованын күйөөсүнө тагылган экинчи айып негиздүү"

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши боюнча парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловдун билдирүүсүнө жооп кайтарды. Эскерте кетсек, Кулов парламенттин 12-марттагы жыйынында Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш ишинде түшүнүксүз жагдайлар бар экенин, объективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап чыккан. 
УКМКнын 13-марттагы билдирүүсүндө Бакыт Абдыкапаровго тагылган экинчи айып тууралуу булар айтылат:
"Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр жеткирүү тууралуу кылмыш иши боюнча Б.Абдыкапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 4-бөлүгү, 30-беренеси жана 305-берене, 2-бөлүк, 5-пункту боюнча айып тагылды. Конкреттүү айтканда, оор кесепеттерге алып келген кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатууну уюштуруу беренеси менен айып тагылды. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 4-бөлүгү, 30-беренеси боюнча, уюштуруучу катары кылмышты жасоону уюштурган же анын аткарылышын жетектеген адам эсептелет. Кылмышка катыштыгы, аткаруучусу болгондор жана башка катышуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Муну менен бирге кызматтык кылмыштардын катышуучусу мындай окуяда уюштуруучунун, мамлекеттик же муниципалдык органдын жооптуу кызматкери болушу шарт эмес. Кызматтык кылмыштардын уюштуруучусу жооптуу кызматкерге, ал тарабынан кабыл алынчу чечимдерге, анын ишмердүүлүгүн жетектөөгө алууга таасир эте алчу адам болушу деле мүмкүн. Бул кылмыш иши боюнча иликтөө аяктаганы калды, жыйынтыкталса соттук кароого берилет".
УКМК кылмыш иштери Аида Салянова башкы прокурор болуп турган учурда козголгонун, "Салянованын кызматтан кетишинен кийин кылмыш иштери ачылды, саясий куугунтук" деген сөздөр негизсиз экенин кошумчалайт. 
Айта кетсек, буга чейин Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирүү”, "алдамчылык" беренелери боюнча айып тагылган. Анын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алганы айтылган. 
Жакында ага экинчи айып тагылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан