Бүгүн, 13-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
А.Максүтов жана Көркөм-эксперттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы программасын кабыл алышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, 2,5 саатка созулган оюн соңунда министр цирк артисттери менен жолугуп, ийгиликтер, кемчиликтер тууралуу пикир алышты. Министр номерлер негизинен өз алдынча талапка жооп бергени менен, аларды бири-бирине байланыштырган композициянын, режиссуранын жоктугу байкалып турганын белгиледи. Бирок цирктин алдындагы студиянын тарбиялануучулары тартуулаган программа цирктин келечеги бар экенин, таланттуу муун өсүп келе жатканын айгинелей турганын билдирди. Көркөм-эксперттик комиссия талкуу учурунда сунуштарын, кемчиликтерин айтып, жалпы жонунан программа талапка жооп берет деген чечим кабыл алды.