"Центерра" компаниясынын президенти жана аткаруучу директору
Ян Аткинсон отставкага кетип, пенсияга чыкканы жатат. Бул тууралуу Аткинсон өзү компаниянын Директорлор кеңешине билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.
2015-жылдын октябрында Ян Аткинсондун компаниянын президенти жана аткаруучу директору кызматында иштегенине 10 жыл болору айтылды.Айта кетсек, канадалык "Центерра" компаниясы Борбор Азиядагы алтын кендерин изилдөөчү жана өндүрүүчү ишканалардын эң ириси.