Бишкекте сумо спорту боюнча шаардын Ачык биринчилиги өтүп жатат

Бүгүн, 13-мартта Бишкекте сумо спорту боюнча шаардын Ачык биринчилиги өтүп жатат. Япониянын спортунда, маданиятында өзүнүн орду бар бул спорт түрү боюнча биринчиликтин ачылышы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдун, Шаардык спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакировдун, Япониянын кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Такаюки Коикэнин катышуусунда өттү. 

Парад башчысы Эмирлан Качкынбаев SUPER.KG порталына кабарлагандай, анда жаш спортчулар 7 салмакта (25 килограмм салмакта, 30 кг, 35 кг, 40 кг, 50 кг, 60 кг, 60 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашууда. Ал эми студенттер арасында 3 салмакта (65 килограмм, 75 килограмм, 75 килограммдан жогорку салмак) жеңүүчүлөр аныкталса, кыз-келиндер 2 салмакта (60 кг, 60 килограммдан жогорку салмак) күрөш өткөрүп жатышат. Бишкек шаарынан, Чүй, Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынан келген катышуучулардын жалпы саны 180 спортчуну түзүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sardaralay
2015-03-13 18:53:05
Арык эле адамдар чыгып алышыптыр.
0
zhykyo
2015-03-13 19:03:10
Кийин ушунун баарын семиртеби
0
Alicia
2015-03-13 21:05:52
bez trusov ujas ele korunot eken fuuuuuu
0
bakyt_2015
2015-03-14 10:27:05
Кыргызга жарашпаган эле курош. Кыргыздан эл аралык денгээлдеги сумочу чыкпайт.Башкасын эле кыйратып алгылачы,кебетенерди жерден чыга калган жан алгычтай кылбай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан