Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 11-мартта Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташтыгынын абалы, Бишкекте 2014-жылдын 24-26-декабрында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөрү аралык комиссиянын 8-жыйыны тууралуу пикир алышышты.
Ибрагим Жунусов кыргыз жеринен Түркияга төө буурчак экспорттоодо бажы алымдарын алып салуу сунушун айтып, түркиялык министр маселени дыкат карап чыгууга даяр экенин билдирди.
ТИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар кызматташтыкты мындан ары жандантуу зарылдыгын белгилешти.