Жылнаама, 14-март: Мындан 39 жыл мурун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талант Мамытов туулган

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы кыргыз жергесинде териси баалуу айбанаттарды асыроо максатында Чүй жана Ысык-Көл облустарына ондатралар коё берилген. Териси баалуу айбанаттарды алып келүү, аларга көзөмөл кылуу ишин Кыргыз чийки зат камсыздоо конторасы жүргүзүп, адегенде Кыргыз Республикасына 500 баш айбанат жеткирилген.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышында шайланган мурдагы депутаты Талант Мамытов Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1983-жылы Майлуу-Суу шаарындагы №5-орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган. 1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган. Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен облусунун прокуратурасында баштаган. Ал эми 2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланып, 2013-жылдын 20-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер менен биргеликте депутаттык мандатынан ажыратылган.
 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы япониялык оригами чебери Акира Ёсидзава өзүнүн туулган күнүндө 94 жашка толуп, Токиодогу ооруканалардын биринде пневмония оорусунан улам каза болгон. Оригаминин искусство болуп таралышына жол ачкан Акира Ёсидзава 1911-жылы 14-мартта Япониянын Каминокава кыштагында туулган. Ал 13 жашында окуусун таштап, кечки мектепке кирип иштей баштаган. 22 жашында машина куруучу заводго жумушка орношуп, ал жактан жаңы жумушка келгендерге сызма геометриядан сабак берген. Сабак учурунда жакшы түшүндүрүү үчүн оригамилерди колдонгон. Анын бул чеберчилиги заводдун жетекчилигин таң калтырган. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Акира Ёсидзава Гонконгдо санитардык корпуста иштеп, ал учурда да өзүнүн кызыгуусун таштабастан, оорулуулардын керебеттерин ар кандай кагаздан жасалган фигуралар менен кооздоп көңүлдөрүн көтөргөн. Согуштан кийин Акира Ёсидзаванын жашоосундагы оор мезгил келип, жубайы каза болуп калгандан кийин бир нече жыл кыйналып жашаган. 1951-жылы Акира Ёсидзавага "Асахи Граф" журналынан сунуш түшүп, кытай календарындагы жаныбарларды кагаздан жасап бергенге макул болгон. 1952-жылы январь айында чыккан "Асахи Граф" журналынын саны көпчүлүк тарабынан аябай жакшы кабыл алынып, Акира Ёсидзава Японияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү боло баштаган. 1954-жылы Японияда анын "Новое искусство оригами" аталышындагы алгачкы китеби жарык көрүп, ошол эле жылы Токиодо Эл аралык оригами борборун ачкан. Акира Ёсидзава оригаминин алиппесин иштеп чыгып, анын 50 000ден ашуун үлгүсүн ойлоп тапкан. Кийин оригами боюнча 18 китеп жазган. Ал эми 1983-жылы Япониянын императору Хирохито Акира Ёсидзаваны өлкөдөгү эң жогорку даражадагы Чыгып келаткан күн ордени менен сыйлаган.
14-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан