
* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин обонун жазган композитор, дирижёр Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1987-ж.), Кыргыз ССРинин Эл артисти (1974-ж.)
Насыр Давлесов Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. 1956-жылдан баштап К.Орозов атындагы Кыргыз улуттук аспаптар оркестринин башкы дирижёру, 1983-1985-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде даярдалган концерттик программалар Канадада, Сирияда, Эфиопияда, Данияда, Швейцарияда жогору бааланган.

* Мындан 71 жыл мурун, 1944-жылы “Даңазалуу кылым” сериалында Сулейман султандын энесинин ролун аткарган түрк актрисасы
Небахат Чехре Кара деңиздин жээгиндеги Самсун шаарында төрөлгөн. 15 жашында “Түркия периси” наамын алгандан кийин фотомоделдик кесипти аркалай баштаган. Актриса көпчүлүккө “Тыюу салынган сүйүү” сериалынан таанымал болгон.

* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы Санкт-Петербург шаарында
Алла Пугачёва менен
Филипп Киркоровдун никеси катталган. Аны ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Ошол мезгилден баштап экөөнүн сүйүүсү ташкындап, коомчулукта эң көп сөз болгон жан шериктерге айланышкан. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан. Бирок ажырашуунун так себеби айтылган эмес.
* Мындан 14 жыл мурун, 2001-жылы Стамбулда 3 чечен террорчусу Ту-154М учагын 173 жүргүнчүсү менен барымтага алып, Сауд Арабиясына айдатышкан. Учак Медина шаарына конгондо Сауд Арабиясынын атайын даярдыктагы аскерлери барымтадагыларды бошотуу операциясын өткөрүшкөн. Террорчулардын башчысы, стюардесса жана 1 жүргүнчү каза болгон.