
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы обончу
Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Ал 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган. 1984-1988-жылдары орто мектептерде мугалим, 1995-1998-жылдары Кыргыз-Түрк лицейинде искусство бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, 2000-жылдын 8-майынан 28-июнуна чейин Анкара шаарында "Түрксойдун" чакыруусу менен такшалмадан өтүп, түрк тилин үйрөнүүнүн толук курсун аяктаган. 2001-2003-жылдары Ош облусунун Маданият департаментинин директору, 2003-2007-жылдары Ош облустук маданият башкармалыгынын башчысы, 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, 2008-жылдын 18-мартынан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген.

* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу"
Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушундагы №77-мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Вьетнам согушу учурунда америкалык аскерлер Милаи кыштагынын калкын жок кылышкан. 1 жаштан 82 жашка чейинки 500дөй карапайым эл өлтүрүлүп, алардын көбү өлөрдүн алдында кыйноолорго учурап, зордуктоого дуушар болушкан. Коомчулуктун кыжырын кайнаткан бул кылмыш үчүн бир гана америкалык жоокер соттолуп, 3 жарым жылдан кийин бошотулган.

* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы кино көрөрмандарынын сүймөнчүк тасмасына айланган "Фантомас" фильми Франциянын экрандарына чыгарылган. Андре Юнебель тарткан "Фантомас Скотланд-Ярдга каршы" аттуу фильмде Жан Маре, Луи де Фюнес, Милон Демонжо сыяктуу француз искусство чеберлери башкы ролдордо ойношкон.