15-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн +3°C
Талас облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн +2°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн +1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -8°C
Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -17°C
Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн +2°C