11-февраль күнү Бишкек шаарында КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов менен Бириккен Араб Эмиратынын маданият министрлигинин кызматкери Абдульазиз Аль Мусалла Аль Хамиди жолугушту. Маалым болгондой, бул жолугушууда БАЭнин Маданият министрлиги Кыргызстандын жаштарын БАЭде өтүүчү эл аралык маданий фестивалга чакырганы билдирилди. Фестивалдын максаты - жаш таланттардын өнөрүн өстүрүү экени айтылды. Мындан сырткары бул иш-чарада эки өлкөнүн мындан аркы карым-катнаштары тууралуу сүйлөшүүлөр болду.