Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан конфискацияланган каражаттардын 25 пайызын аталган мекеменин бюджетине берүү,
калган 75 пайызын республикалык бюджетке тапшыруу демилгеленди. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 16-мартта парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралды.
Демилгечи депутаттардын бири Ирина Карамушкинанын айтымында, коопсуздук түзүмүнө бөлүнчү каражат биринчи кезекте чечүүгө муктаж болгон башка көйгөйлөр менен бирге
мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана социалдык
маселелерин чечүү максатында иштетилет.
Жыйынтыгында парламент комитети бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.