Абу-Даби шаарында кыргыз мамлекетинин Бириккен Араб Эмираттарындагы башкы консулу Кубанычбек Өмүралиев менен БАЭнин энергетика министри Сухаил аль-Мазроинин жолугушуусу өттү. ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-мартта билдиргендей, жолугушууда президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 4-7-декабрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарына жасаган иш сапарында көтөрүлгөн маселелер талкууланды. Мындан тышкары БАЭнин энергетика министри жетектеген эмираттык ишкерлерден түзүлгөн делегациянын кыргыз жерине болчу иш сапары тууралуу сүйлөшүү жүрдү. Жолугушуу жыйынтыгында эмираттык делегацияны кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү жөнүндө келишим түзүлгөнү айтылды. БАЭден келген делегация инвестициялык долбоорлор менен таанышат.