Жалал-Абад облусунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 19-февралга караган түнү Сузак районунун Масадан айылында жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз адамдар киришип, үй ээсин ур-токмокко алышкан. Андан соң чоң суммадагы акча каражатын жана алтын буюмдарды алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары эки жаран кармалган.