Бишкекте өз агасын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен Керимбеков көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Бул фактыга шектүү катары маркумдун иниси кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.