Ысык-Көлдө жол кырсыгынан каза тапкан төрт милиция кызматкеринин мас абалда болгону айтылды

15-март күнү Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан төрт милиция кызматкери мас абалда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына аталган жол кырсыгында каза тапкан бешинчи 32 жаштагы Шамил Кубатов аттуу жарандын туугандары билдиришти. 
"Шамил ал күнү үйдө болчу. Анан ага аталган милиционерлердин бири "Ноорузга карата күлүк чаптырганга жылкысын катыштырууну сүйлөшүп бер" деп үйдөн алып кеткен экен. Алар аябай мас болгонун жол кырсыгы болгон аймактагы жергиликтүү тургундар да айтышууда. Унаа катуу ылдамдыкта келатып, айдоочу рулду башкара албай капталы менен жол боюнда турган оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Натыйжада оор жаракаттардан улам унаадагы 5 адам тең мерт болгон. Окуя болгон жерге келген жергиликтүү тургундар жана милиция кызматкерлери унаадан спирттик ичимдиктерди алып чыгышкан. Менин ачууланганым, окуя болгон жерге 10-15 мүнөткө жетпей каза тапкандардын бирге иштегендери келип, кесиптештерин унаадан чыгарышкан. Ал эми биздин тууганыбыз унаанын ичинде калган экен. Каза тапкан Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн 2 кызматкери аталган жайда 1 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп, ал эми калган экөө жумушка орношуп жатышкан. Ал эми жол кырсыгы болгон күнү жумушка орношуп жаткан кызматкердин бирин жумушка алуу тууралуу расмий буйрук чыгып, ошол себептен "майрамдап" жүрүшкөн",- дейт маркумдун тууганы. 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза тапкан милиция кызматкерлеринин унаасы саатына 140-160 чакырым ылдамдыкта келаткан. Маркумдун тууганынын айтымында, каза тапкан милиция кызматкерлеринин экөө гана соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөн.  
Айта кетсек, буга чейин жол кырсыгы Каракол-Бөкөнбаев унаа жолунда болгондугу жана Тойота Виндом унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четиндеги кичи автобусту сүзгөндүгү тууралуу маалымат тараган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
zhykyo
2015-03-16 20:10:17
Тоорто мас болсо бешинчиси мас эмеси машинени айдап баратса анан кандайча болуп калат
0
kuttubek-kg
2015-03-16 21:30:10
Бешинчиси пасажир болуп атпайбы.
0
marat88
2015-03-16 22:40:05
жайлары жаннатан болмун.
0
make2
2015-03-17 00:13:00
жандары жанаттан болсун. аты өчкүр арак жакшылыкка алпарбайт,
0
Boldukan86
2015-03-17 11:54:09
ушул арак дегенди жутпай эле койсонор эмне болот туугандар. ичип эле бир жакшылык болгонун коро элекмин. ичесинер шайтандын озу болуп каласынар. Кудайдын алдына да канынар таза барбады. бир тируулукко келип бир жашап бир отобуз акыры.
0
korsaromega
2015-03-18 00:05:43
Кудай жазасын бериптир! Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан