Бир катар алдамчылык фактыларына шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган адам Пакистан мамлекетинин 1987-жылы туулган Рашид Хумаюн аттуу жараны болгон. Ал Бишкекте убактылуу жашап, алдоо жолу менен шаар тургундарынан акча алып, из жашырып кеткен.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.