12-февралда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешиндеги "Республика" партиясынын депутаты Жаныбек Ажибековго кылмыш иши козголду. Ал милиция кызматкерин сабап салгандыгы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу Баткен ОИББинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, 12-февралда болжол менен саат 17:00дө аталган шаардагы “Айбек” базарынын тегерегинде мыйзамсыз коюлган күркөлөрдү алуу боюнча иш жүрүп жатканда Ажибеков келип ишти токтотууну талап кылган. Андан соң милиция кызматкерин ур-токмокко алган. Бул аракети үчүн депутат убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.