Бүгүн Ош облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 14:52 чамасында катталган. Анын очогу Сары-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 60 чакырым, Нура айылынан түштүк-батышты карай 46 чакырым алыстыкта жайгашып, күчү 3-3,5 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан