
* Мындан 79 жыл мурун, 1936-жылы акын, адабиятчы, окумуштуу жана коомдук ишмер
Салижан Жигитов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштагында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз улуттук университетинин) филология факультетин аяктаган. 1965-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун 1959-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Салижан Жигитов 300дөн ашык илимий жана адабий эмгектердин, жүздөгөн учкул сөздөрдүн, таамай айтылган тамашалардын, жагымдуу ырлардын автору.
Акын 2006-жылы 10-февралда көз жумган. Маркумдун сөөгү 2006-жылы 13-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлган.

* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, Алыш эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери
Баяман Эркинбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин Спорт чебери, Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып, кыргыз өлкөсүнүн, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарында Токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, ал жерде эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында Баяман балбан деген атка да ээ болгон.
Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңы-Арык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук Күрөш федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген. Баяман Эркинбаев КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Ал көз жумардын алдында бир топ коркутууларга учураган. 2005-жылы 21-сентябрь күнү саат 22:00дө Баяман Эркинбаевди Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
* Мындан 13 жыл мурун, 2002-жылы эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 6 киши каза болуп, 80 чамалуу адам жаракат алган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы Ирактын күрддөр жашаган Халабжа шаарын Иран аскерлери басып алган соң Ирак бийлиги шаарды ууландырылган бомба менен бомбалаган. 5 миңдей киши өлүп, 20 миңдей киши ар кандай жаракат алган.