Оштогу психологиялык борбордун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Оштогу психологиялык борбордун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган борбордун жооптуу кызматкери бейтаптын майыптыгын аныктап берүү үчүн 5 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2015-03-16 21:37:31
Акча берсен жинди кылам деген экен го
0
marat88
2015-03-16 22:17:40
озун акча берем документ туурулап бер деп андан кийин карматкансынго. Медицина кызматкерлериге кыйын эле болду 4000 айлык менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан