19 жашка чейинки курактагы футболчулар арасындагы Азия чемпиондугу кыргыз жеринде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов бүгүн, 16-мартта өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, 2016-жылы өтө турган бул мелдешти өткөрүү боюнча арыз тиешелүү уюмга берилген. Азыр Азиянын футбол конфедерациясынын чечими күтүлүп жатат. Бул биринчилик 16 команданын катышуусунда өтөт.