Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда 3 унаа сүзүшүп, айдоочулар ар түрдүү жаракаттарды алышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-мартта болгон. Анда Мерседес, Тойота жана Мицубиси үлгүсүндөгү унаалар жол талашып сүзүшкөн. Натыйжада 3 айдоочу тең ар түрдүү жаракаттарды алып, Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.