Казань шаарында өрттөнүп, 17 адамдын өмүрүн алган соода борборунун жооптуу кызматкерлери камакка алынышты

Казанда 11-март күнү өрттөнүп кеткен "Адмирал" ири соода борборунда 17 адам каза тапты. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу соода борборун ижарага алган фирманын директору жана анын орун басары кармалган. Ал эми кечээ соода борборунун ээси Роберт Хайруллин да 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Белгилүү болгондой, Роберт Хайруллин "соода жайында өрт коопсуздук эрежелерин бузуу", "кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "жалган документ жасоо" беренелери боюнча шектелүүдө. 
Маалыматка ылайык, аталган өрт кырсыгында 50дөн ашуун адам ар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдары бүгүнкү күнгө чейин ооруканада жатат. Ал эми каза тапкандардын арасында Орусиянын жарандыгын алган Өзгөн районунун тургуну Үмүт Ташмаматова да бар.  
Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөнүп кеткен соода борборунун имаратын курууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталган эмес. Ушул себептен улам ондогон жарандар сыртка чыга албай, соода борборунун ичинде тирүүлөй өрттөнүп кетишкен. Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2 миллиард рублду түзгөнү айтылууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
insap
2015-03-17 10:53:54
«Бар __ балаадан, жок __ жалаадан» Кудай өзү ар кимибизди сактасын!
0
kadamjai90
2015-03-17 10:55:13
Мекендештер абайлайлы озубузду
0
baba.
2015-03-17 15:17:07
Сактыкка кордук жок.Сак бололу сак журолу озубуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан