“Тумар” бий тобу Казакстанда өткөрүлгөн бий сынагына катышты

“Тумар” бий тобу Казакстанда өткөрүлгөн бий сынагына катышып, өнөрүн көргөздү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Эрмек Кадыров SUPER.KG порталына бүгүн, 17-мартта билдирди.

“Сынакка Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин эн мыкты бийчилери катышты. Алардын баары дени сак адамдар болчу. Таймашка ат салышкан бийчилер абдан көп болгону менен, бир эле жеңүүчү аныкталды. Тилекке каршы, ал орунду биз ээлеген жокпуз”,- деди Э.Кадыров.

Аталган топтун курамын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу бийчилер Адина Самыйбек кызы, Эрдик Таалайбек уулу, Талгат Карабек уулу жана алардын машыктыруучулары Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков түзөт.

Эске салсак, “Тумар” бий тобу “Украина - менин таланттарым” аттуу теледолбоордун жарым финалына өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан