Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ч.Базарбаев атындагы жана Алматынын А.В.Селезнёв атындагы хореографиялык окуу жайларынын бийчилери өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Кечеде бий номерлери классикалык, элдик жана заманбап хореографиядан турат. Ошондой эле эки окуу жайдын бийчилери биргеликте бир актылуу “Дон Кихот” балетин коюшат.