Ырчылар Данияр Эрматов, Нурмат Садыров жана Нурлан Насип Үрүмчүдө чыгармачылыгын тартуулашты

Кытайдын Үрүмчү шаарында ырчылар Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Нурлан Насип чыгармачылыгын тартуулашты. Бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Данияр Эрматов кече жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди.

“Кытайлык кыргыздарга биздин ырчылар барып концерт уюштурбагангабы, айтор, жылуу тосуп алышты. Кечебизге жалаң кыздар келишиптир. Ар бир ырыбызды коштоп, колдоп турушту. Комузда, аккордеондо кол ойнотуп, жандуу үн менен ырларыбызды аткарып, кытайлык бир туугандарыбыздын черин жаздык. Концертибиз бүткөндөн кийин баары менен сүрөткө түштүк. Кезек күткөндөрдүн катары суюлбай, талап кете жаздашты. Бул нерсе биз үчүн өтө жагымдуу болду. Себеби бөтөн жерде да күйөрмандарыбыз көп экен, ырларыбыз уккулуктуу экен деп кудуңдап калдык. Концерт бүткөндөн кийин Үрүмчү шаарын кыдырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү ”,- деди Д.Эрматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ajar.
2015-03-17 15:05:38
Данияр жакында эле Күмөндөр Абылов, Асел Кадырбековалар менен Кытайга барып келди эле го, анан эмнеге "кытайлык кыргыздарга биздин ырчылар барып концерт уюштурбагангабы..." деп жатат...
+1
angels
2015-03-17 15:11:31
Ajar., Данияр барбаган учун айтса керек да. же аз уюштурат дегендей мааниде айткандыр
+1
kg.oruk-zar
2015-03-17 15:07:49
Иигилик каалайым москвага даны келип консерт уйуштургула
0
angels
2015-03-17 15:10:43
kg.oruk-zar, Жакындале келип кетишти го москвага.
0
angels
2015-03-17 15:10:21
Быйыл барышып башташты урумчуго. ошон учун адам коп келип жатса керек.
0
airwater
2015-03-17 16:17:33
"Малыш" ырчылар го...☺
+1
Bakulya79
2015-03-17 16:49:09
жожолор десе..........
0
ekaterina
2015-03-19 23:18:01
Нурмат красавчик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан