12-февралда Токмок шаарында 7-класстын окуучусун ур-токмокко алып, тоногон деген шек менен бир селсаяк кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, шаардагы мектептердин биринде билим алып жаткан бир окуучунун чоң энеси милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз адам небересин ур-токмокко алып, телефонун тартып алганы айткан. Бул иш боюнча 33 жаштагы К.А. аттуу селсаяк кармалып, тергөө иштери улантылып жатканы кабарланды.