“Жазгы маанай” аттуу сүрөт көргөзмөсүнө айымдардын колунан жаралган эмгектер коюлду

Бүгүн, 17-мартта С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр кошуунунун көргөзмө залында “Жазгы маанай” аталышындагы көргөзмөнүн ачылыш аземи болду. Жашоосун чыгармачылыкка арнаган айымдар үчүн уюштурулган көргөзмөгө КРнын Эмгек сиңирген сүрөтчүсү Данакан Адашканова, сүрөтчүлөр Зарема Казыбаева, Чолпон Идирисова, Наталья Копелович, Диана Цырендоржиева, Нюргуяна Иннокентьева, Кимия Төрөгелдиева, Кайыргүл Казыбекованын эмгектери коюлду.

Бул көргөзмөдө живопись, натюрморт, триптих, портрет жанрындагы сүрөттөр жана курак, сайма менен жасалган туш кийиздер, айнектен кооздолуп жасалган буюмдар орун алды. 

"Биздин сүрөтчү айымдар жазгы маанайды кандай туюшканын эмгектеринде чагылдырышкан. Менимче, аял үчүн апа, чоң апа жана сүрөтчү болуу чоң эмгек. Кайсы мезгил болбосун, алар жазгы маанайда иштешет. Бүгүнкү көргөзмөдө жан дүйнөгө рахат тартуулап, көздү эс алдыра турган жакшы сүрөттөр коюлду, негативдүү нерсе жок”,- деди Кайыргүл Казыбекова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан