Жылнаама, 18-март: Мындан 39 жыл мурун "Клон" сериалындагы Жадинин образы аркылуу атактуулукка жеткен бразилиялык актриса Жованна Антонелли туулган

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы кыргыз өлкөсүндөгү ММКларда Нарында Таш-Рабат деген уникалдуу тарыхый эстеликтердин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон. Уникалдуу эстеликтин 40 бөлмөдөн турары белгиленип, кыска аралыкта чара көрүлбөсө, тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сактоонун ордуна аны мал сарайга айландырган. 
 
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери үч күнгө уланган акцияны токтоткон. Ачкачылык акциясына чыккандар Кыргыз радиосунун жетекчиси Байма Сутенованы кызматтан кетирүүнү талап кылышып, ал оюн бийликке жеткирүүнү көздөшкөнүн билдиришкен. 
* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы франциялык атактуу режиссёр жана продюсер Люк Бессон Парижде төрөлгөн. Ал Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Люк Бессон 93төн ашык тасма тарткан. Продюсер, сценарист, актёр, режиссёр, оператор Люк Бессон кичинекейинде бул кесиптер тууралуу эч нерсе уккан эмес. Анын ата-энеси аквалангисттер болгон. Кичинекей Люк да чоңойгондо деңиз дүйнөсүн изилдеген биолог болууну самаган. Бирок тагдыр аны жашынан эле чоң киного аралаштырып жиберген. 
19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле, режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип, адегенде майда клиптерди тартып, такшалган режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан, жаш режиссёр үнсүз жана ак-кара фильмдерди тарткан. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт. 
Голливуд Бессонду “5-элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. “5-элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы, супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген. Мындан сырткары ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси 1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү” жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеген.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы "Клон" телесериалында Жадинин образын жаратып, таланты менен көпчүлүктүн купулуна толгон бразилиялык актриса Жованна Антонелли Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Актрисанын атасы белгилүү опера ырчысы, ал эми апасы мыкты балерина болгон. 11 жашынан тарта кичинекей Жованнинин таланты ачылып, балдар театрында ролдорду жарата баштайт. Алгач “Тропиканка” аттуу теленовеллада роль жаратат. Көп өтпөй сериалдарга чакыруу ала баштайт. Ал эми актрисалык "алтын таажыны" 2001-жылы “Клон” сериалына чакыруу алганда тагынган. Учурунда бул сериал 90дан ашык өлкөдө популярдуу болгон.
18-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан