Күн сайын Бишкек шаарында 350 миңден ашуун унаа жолго чыгат. Кудайдын куттуу күнү унаа тыгындарына туш боло берип, ал көнүмүш адатка айлангандай. Мындай көрүнүшкө эртең менен жумушка баратканда да, шашкалактап үйгө келатканда да туш болобуз. Айрым унаа тыгындары 5-10 мүнөткө созулса, чет өлкөдөн чоңдор келген учурларда айдоочуларга бир катар ыңгайсыздыктар жаралууда. Бул сыяктуу көрүнүш борбор калаадагы көчөлөрдө акыркы 5-6 жылдан бери күч алганы байкалат, себеби бул жылдар аралыгында чет өлкөдөн алынып келген унаалардын саны кескин өскөн. Ал эми айрым серепчилердин айтымында, унаа тыгындарынын негизги себеби руль башкарган айдоочулардын маданиятынын төмөндүгү болууда.
"Учурда Бишкек шаарында катталган унаалардын саны 1 миллиондон ашты. Ал эми СССР доорунда салынган көчөлөр мынча унаага ылайыкталган эмес. Муну, албетте, шаардык мэриянын тиешелүү түзүмдөрү көзөмөлдөшү керек эле. Унаа тыгындарын жоюу максатында айланма жолдорду куруу зарыл. Мисалы, менин байкашымча, акыркы жылдары курулган Түштүк магистралында унаа тыгындары болбойт, башка борбордук көчөлөрдөгүдөй болуп жол кырсыктары да көп катталбайт. Борбордук көчөлөрдөгү унаа тыгындарды ушундай айланма жолдорду куруу менен гана чече алабыз. Москва көчөсүндө унаалар бир багытта гана жүрөт, менимче, Бөкөнбаев көчөсүнөн унаалар каршы багытта гана жүргөндөй кылып койсо жакшы болмок. Ошондой эле Ахунбаев жана Горький көчөлөрүн да бир багытта гана жүрө тургандай кылып койсо, унаа тыгындары өзүнөн өзү жок болмок",- дейт кыргыз өлкөсүндөгү Айдоочулар союзунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов.
Ал эми Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыкановдун айтымына караганда, унаа тыгындарынын негизги себеби - борбордогу унаа токтотуучу жайлардын жоктугу.
"Бүгүнкү күндө борбордо транспорттук каражаттардын саны көбөйдү. Ага байланыштуу унаа тыгындары да кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Өзгөчө мындай көрүнүштөр ири базарлардын айланасында жана борбордук көчөлөрдө орун алууда. Шаар ичинде жалпы 400 миңден ашуун унаа катталганы менен, күнүгө өлкөнүн жети дубанынан келип кеткен айдоочулар да бар. Эң биринчи маселе катары азыр унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү жана жолдорду кеңейтүү маселеси каралууда. Андан сырткары бир багытта каттоочу кичи автобус, троллейбус сыяктуу транспорттук каражаттардын санын кыскартуу сунуштары да бар. Унаа тыгындарын жоюу үчүн бир катар комплекстүү маселелерди чечүү керек. Алар чечилмейинче иш ордунан жылбайт",- дейт Н.Атыканов.
Белгилүү болгондой, жыл башынан бери борбор калаада унаа тыгындарын жоюу максатында Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы тарабынан да бир катар иш-чаралар жүрүүдө. Өткөн айда бир айлык жарыяланып, жакында эле жыйынтыкталганы маалым. Ал эми унаа тыгындарын жоюу тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов төмөнкүлөрдү айтып берди:
"Унаа каттоо департаментинде катталган унаалардын саны 1 миллиондон ашкан. Орто эсеп менен күнүгө шаардын көчөлөрүнө 350 миңден ашуун унаа чыгат. Ал эми 1970-жылдары борбордун инфраструктурасын түзүү маалында көчөлөр 40 миң унаага гана ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө катталган унаалардын саны 400 миңден ашуун болууда. Биздин кызматкерлер тарабынан унаа тыгындарын жоюу максатында бир катар иш-чаралар жүрүп жатат. Учурда борбордо туура эмес жерлерге токтотулган унааларды айып пул төлөөчү жайга ташуучу 2 унаа иштөөдө. Күнүгө орто эсеп менен 20га жакын унаа айып пул төлөөчү жайга алынып келет. Андан сырткары күнүгө жол эрежелерин бузган 700-800дөй айдоочуга административдик протоколдор түзүлүүдө".
Пландалган иш-чаралар, унаа токтотуучу жайлар жана айланма жолдор жакынкы жылдарда курулуп, борбордогу унаа тыгындары жоюлат деп ишене туралы.