Алтынбек Максүтов чет элдик окуучуларга кыргыз маданияты, көркөм өнөрү тууралуу айтып берди

Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, окуучулары менен жолукту. Аталган министрликтен бүгүн, 18-мартта билдиришкендей, жолугушуу Тил жана маданият фестивалынын алкагында өттү. Иш-чарага Танзания, Индонезия, Таиланд, Беларусь, Орусия, Грузия, Косово, Румыния мамлекеттеринен келген окуучулар катышты. 

Министр чет элдик окуучуларга кыргыз жери, анын бай тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү тууралуу кыскача айтып, кыргыз элинин меймандос эл экенин, коноктор үчүн ар убак эшиги ачык экенин кошумчалады.

Балдар өз кезегинде таланттарын көрсөтүп, өз тилдеринде ырларды тартуулашты. Ал эми Танзаниядан келген Жабир аттуу бала кыргызча амандашып, кыргыз тилинде “Кыргызстан” аттуу ырды аткарып берди. Жолугушуу соңунда министр бардык окуучуларга ыраазычылык билдирип, 19-март күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтө турган фестивалды жакшы өткөрүп алууга ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bokonbaev
2015-03-18 09:58:01
Buyrusa en soonun darajada otot...
0
Kalin466
2015-03-18 10:14:28
Ушу министирге такыр ичим жылыбаит.
0
bokonbaev
2015-03-18 12:52:31
Emi boldu da eptep.kancha akchasi ketti Kuday bilet ministr bolush uch7n..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан